Ысык-Көлдө балдар арасында кылмыштуулук көбөйүп жатканы айтылды

Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 15-августта Ысык-Көл облусунда жергиликтүү кеңештердин депутаттары, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, аймактагы абал, алардын турмуш жайы жаатында пикир алышты. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тургундар тарабынан калкты таза жана сугат суу менен камсыз кылуу, аймактагы инфраструктураны жакшыртуу, унаа жолдорду калыбына келтирүү маселелери козголду. Жергиликтүү тургундарды айрыкча кышка карата даярдык маселеси кабатырлантары белгилүү болду. 

Ошондой эле жаштардын арасында өзүн өзү өлтүрүү жосуну, кылмыштуулуктун күчөп жатканы тууралуу пикирлер айтылды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан