Бишкек мэриясы ишкерлер менен өнөр жай комплексин өнүктүрүү, көмүскө экономиканы жоюу маселелерин талкуулады

Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Малабеков 14-августта республиканын өнөр жай ишканаларынын жетекчилери менен жолугуп, өнөр жай комплексин өнүктүрүү, көмүскө экономиканы жоюу жана кышкы мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселелерин талкуулады. 

Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, биринчи вице-мэр ишкерлерге биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу багытында кызматташууну сунуш кылды. 

Ишкана жетекчилери ишканалардын өндүргөн продукцияларын сатуу үчүн соода аянтчаларын бөлүп берүүгө жана мамлекеттик стандартты тастыктоо боюнча лаборатория түзүүгө көмөк көрсөтүү маселесин көтөрүштү. Өндүрүлгөн товарлар тастыкталбаса, аларды чет өлкөлөргө сатуу мүмкүн эместигин белгилешти. Эми мэрия ишкерлер менен ай сайын жолугушуп турушмакчы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан