Орусиянын Тула шаарында үч айдан бери кулчулукта жүргөн кыргызстандыктар куткарылып, 15-августта Ошко учуп келишти. Маалыматты бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кулчулуктан куткарылган 12 жарандын бирөөсү Москва шаарында калып, он бири кайтып келген.
Айта кетсек, мигранттарды азербайжан жараны ушул жылдын 1-майында Тула шаарына кыргыз жарандары аркылуу эле эгин талааларын иштетүүгө алып барып, айлык акыларын, документтерин колдоруна бербей, ур-токмокко алып иштеткен. Алар август айында Кыргызстандын Москвадагы элчилигине кат аркылуу кайрылуу жазышып, элчиликтен куткарып кетүүнү өтүнүшкөн.