Баткен облусунда жаңы окуу жылына карата 4 орто мектеп колдонууга берилет

Баткен облусунун Лейлек районунда быйылкы жаңы окуу жылына карата 4 орто мектеп колдонууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдулхак Жамилов билдирди.

Анын айтымында, райондо бир катар мектептер көп жылдан бери бүткөрүлбөй келген. Мамлекетти бекемдөө жылына карата алардын төртөөсү бүткөрүлгөн.

Айта кетсек, билим берүү жана илим министри Канат Садыков Баткен облусуна иш сапары менен барып, мектептердин кышка даярдыгы менен таанышып кайткан болчу. Анда аймактагы мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгы канааттандырарлык экендиги маалымдалган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан