Бүгүн, 18-августта Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, “Ак марал” бий ансамблинин башкы балетмейстери Мелис Асылбашевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө.
Ага КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, кыргыз маданиятынын өкүлдөрү Керим Турапов, Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашева, Анарбек Ибраев, Муратбек Бегалиев жана башкалар катышууда. Маркумдун сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлат. Ал 16-август күнү 67 жаш курагында дүйнө салды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мелис Асылбашевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.