Израилде араб улутундагы мусулман Махмуд Мансурдун жана ислам динине өткөн еврей кыз Морель Малканын баш кошуу салтанаты учурунда алардын баш кошуусуна каршы нааразычылык акциясы өттү. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалым болгондой, аталган акция Израилдеги Тел-Авив шаарынын жанында жайгашкан Ришон-ле-Цион шаарында орун алган. "Израилге күйөө бала болгон М.Мансур нааразычылык акцияны токтотуу талабы менен сотко арыз тапшырган, бирок сот бул ишти териштирүүдөн баш тарткан. Араб мусулмандарынын жана еврейлердин үйлөнүүлөрүнө каршы чыгып келген “Лехава” уюмунун мүчөлөрүнө акцияны той өтүп жаткан жерден 200 метрден алыс өткөрүүгө уруксат берилген. Ошол эле учурда аларга каршы чыгып, түгөйлөрдүн баш кошуусун колдогондор да акция уюштуруп жатышкан. Полициянын жүздөгөн кызматкерлери баш аламандыкка жол бербөө үчүн көзөмөлдөп турушту.
М.Мансурдун жана М.Малканын тоюна 500гө жакын адам келди. Ал эми Израилдин президенти Реувен Ривлин аларга бакыт каалап, үйлөнүүгө каршы чыккандарды айыптады" деп жазышты басылмалар.