Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 23 жылдыгын жогорку деңгээлде өткөрүү максатында майрамга карата даярдыктар көрүлө баштады. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта Жалал-Абад шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Гулина Базаркулова билдирди.
Анын айтымында, бул багытта шаардык мекеме, ишканалардын жетекчилери менчик түрүнө карабастан, өз имараттарын сырдоо, кооздоо жана майрамдык тематикадагы лозунгдарды илүүгө милдеттендирилген.
Ошондой эле шаардын борбордук "Эркиндик" аянтында өтүүчү азем жана шоу-программалар иштелип, даярдыктар көрүлүүдө.
Ал эми 31-августта улуттук кийим-кече, кол өнөрчүлөр жарманкеси, спорттук мелдештер уюштурулат.