Бий чебери менен коштошуу зыйнатына КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев, кыргыз маданиятынын өкүлдөрү Бексултан Жакиев, Чоро Думанаев, Керим Турапов, Саламат Садыкова, Гүлсүн Мамашева, Анарбек Ибраев, Муратбек Бегалиев, Султан Раев, Эрик Латыпов, Азамат Болгонбаев, Адил Чекилов, ырчылар Гүлзат Байзакова, Дилбар Райымбекова, Жаныш Момунов, маркумдун туугандары, санаалаштары, кесиптештери келишти.
“Мелис “Ак марал” ансамблине экинчи өмүр тартуулап, көрүнүктүү эмгек жасады. Болгон күчүн бий тобуна жумшачу эле. Мен ага "эмоционалдуу болбой, өзүңдү аясаң боло" десем, "мен тынч иштей албайт экенмин" деп күлүп калчу. Чыгаан инсандын артында балдары, неберелери калды. Алар Мелистин жолун жолдойт деп ойлойм”,- дейт КРнын Эл артисти Анарбек Ибраев.
“Быйыл кыргыз эли көптөгөн алдынкы маданият өкүлдөрүнөн ажырады. Шум ажал кыргыз бий чебери Мелис Асылбашевди да арабыздан алып кетти. Талыкпаган эмгеги менен бий өнөр ээлерин таптап чыгарган Мелис байкенин жаткан жери жайлуу болсун”,- деди КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев.
“Атамды биз идеал тутчубуз. Аны карап түздөнүп, кандай ата болушту үйрөнчү элек. Адамгерчилиги, мээрими, тарбиясы биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат”,- дейт уулу Азамат.
Кыргыз бий искусствосуна кайталангыс из калтырып кеткен инсандын сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Мелис Асылбашев 1947-жылдын 7-майында Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. 1967-жылы Ленинград академиялык хореографиялык окуу жайын аяктап, 1972-жылдан тартып балетмейстердик ишмердүүлүктү аркалай баштаган. Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында Бизе-Щедриндин «Кармен-сюита», П.Чайковскийдин "Лебединое озеро", "Белый пароход" жана башка балет-спектаклдерин ийгиликтүү койгон.
1982-жылдан тартып "Ак марал" улуттук бий ансамблинин башкы балетмейстери жана көркөм жетекчиси болуп иштеп келген. Ал 16-август күнү 67 жаш курагында дүйнө салды.
SUPER.KG порталынын эмгек жамааты кыргыздын атактуу уулу Мелис Асылбашевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.