Быйыл Бишкек шаарындагы орто мектептерде окуган 530 окуучу мэриянын эсебинен Ысык-Көлдө уюшулган жайкы лагерлерде эс алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, шаардык бюджеттен бул үчүн 2 миллион 612 миң сом каралган. Эс алуу учурунда алардын саламаттыгын бекемдөө, сергек жашоого үндөө жана атайын тарбия иштери жүргүзүлгөнүн кошумчалашты мэриядан.