Мөмө-жемиштерден жабыркап ооруканага түшкөндөр күн санап өсүүдө. Мындан улам Ош шаардык ветеринардык башкармалыгы күн сайын мөмө-жемиштерди, коон-дарбыздарды текшерүүгө алууда. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта аталган башкармалыктын жетекчиси Кумарбек Исаков билдирди.
Анын берген маалыматына ылайык, 7 айдан бери ветеринардык мыйзамды одоно бузгандардын айып пулунан 107 миң сомго жакын акча топтолгон. Ал эми ветеринардык мыйзамды бузган ар бир жаранга 300 сомдон айып пул салынат.