Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ош облусунун Чоң-Алай районуна Тажикстандан кыргыз элинин эгемендүүлүктү алган күнү менен куттуктап, эки элдин ортосундагы ынтымакты бекемдөө максатында делегация келери күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-августта райадминистрациядан
Сапура Мамытова билдирди.
Анын айтымында, эгемендүүлүктүн 23 жылдыгына учурда даярдыктар жүрүүдө. Ал күнү райондогу мекеме- ишканалар ортосунда жыл сайын кезек менен "Ыр кесе" уюштурулуп келет. Бул жылы "Ыр кесени" райондун каржы кызматкерлери өткөрөт.