Бүгүн, 18-августта SUPER.KG порталына операциядан улам бир эмчексиз калган бейтап Гүлзина Байтаева: "Менин ишимди иликтеп жаткан дарылоо-көзөмөлдөө комиссияны күнөөлүүлөрдүн биринин атасы М.Осмонбаев жетектеп жатат",- деди.
Анын айтымында, аталган комиссия "Хирург Зинаида Карабекова гистологиялык анализдин жыйынтыгын күтпөй эле эмчекти кесип салып, дарылоо тартибин бузган. Ага карата сөгүш жарыяланышы мүмкүн” деген чечимди чыгарууда. “Бул комиссияны жетектеген М.Осмонбаев (Улуттук онкология борборунун башчысы) айыпталуучулардын биринин атасы. Ал эми комиссиянын дагы бир мүчөсү А.Ч.Мырзаканова айыпталуучулардын бири. Мындай комиссия адилетсиз жана бир тараптуу чечим чыгарат эмеспи.
Бирок кандай болсо да сот бул чечимди эске албайт. Учурда Октябрь РИИБи тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Эртең соттук-медициналык комиссия түзүлүп, анын тергөө амалдарынын жыйынтыгына ылайык, айыпталуучулар жоопкерчиликке тартылышат",- деди Г.Байтаева.
Мындан тышкары ал түзүлүүчү соттук-медициналык комиссияга жеке медициналык борборунда иштеген Элвира Кудайбергенованын кирүүсүн сунуштаарын баса белгиледи. “Ал менде эч кандай рак жок экенин билдирген. Операция алдындагы анализдердин 90 пайызы да рактын жок экенин аныктаган болчу”,- деп толуктады бейтап.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 12-августунда бейтап Г.Байтаева маалымат жыйын өткөрүп, "хирург эмчегимди жаңылып кесип салган” деп билдирген.