"Кыргыз почтасы" өзүн өзү жоюу жөнүндө эч кандай арыз бербегенин билдирди

Бүгүн, 18-августта "Кыргыз почтасынын" юристи Аскат Бакашев SUPER.KG порталына Кыргыз почтасы” ишканасы өзүн өзү жоюу жөнүндө эч кандай арыз берген жок. Маалымат булактары туура эмес маалымат жарыялап жатышат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдын 24-августунан тартып ишкананын 2011-2012-жылдагы лицензиясын жокко чыгаруу боюнча Улуттук банкка кайрылган. “Биздин ишкана Улуттук банктан Бишкектеги Чүй-96 дарегиндеги акча алмаштыруу түйүнүн ачуу боюнча болгону бир гана лицензия алган. Эми бул орунду таптакыр эле жаап коюу боюнча кайрылып жатабыз. 

"Ишкана өзүн өзү жоюу боюнча арыз бериптир" деген маалыматтар чыгып кетти. Ишкана эч кандай жабылбайт. Тескерисинче, президенттин 2015-2017-жылдардагы туруктуу өнүгүү долбоорунда да "Кыргыз почтасын" өнүктүрүү каралган. Ал үчүн  5,5 миллион доллар берилет”,- деди Бакашев.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан