Орусияда өткөн танктар биатлонуна катышып, 12 мамлекеттин ичинен 7-орунду ээлеп келген танкисттерди бүгүн, 18-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев кабыл алды.
“Мелдештерден кийин көпчүлүк учурда машыктыруучулар кызматтан айдалат же сыйланат. Мен 7-орунду ээлегенибиз үчүн кимдир бирөөнү айыптабайм. Танктар биатлонунда жаман эмес жыйынтык көрсөттүңөр. Быйыл биринчи жолу катыштык. Кийинкисинде мындан жакшы жыйынтык күтөбүз”,- деди генерал-майор А.Алымкожоев. Андан тышкары ал атайын грамоталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.