Кечээ, 18-августта КРнын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев танктар биатлонуна катышып келген танкисттерди кабыл алып, тиешелүү кишилерге аталган мелдешке катышкан курамды сактап калууну буйруду.
Анын айтымында, бул курам кийинки жылга чейин мыкты даярдыктан өтүп, КМШ өлкөлөрүнүн ичинен байгелүү орундарга илинүүгө тийиш. Андан тышкары ал курамдын аз убакытка эс алууга чыкканын жар салды.
Кошумчалай кетсек, август айынын биринчи жарымында Орусияда өткөн танктар биатлонунда Кыргызстандан барган курам 12 мамлекеттин ичинен 7-орунду ээлеген.