Кыргызстандан эт, сүт азыктарын жана мөмө-жемиштерди Орусияга тоскоолдуксуз жөнөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта КРнын Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Москвада Орусия, Казакстан жана Беларустун биринчи вице-премьер-министрлеринин деңгээлинде Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин кезектеги отуруму өткөн. Анда Кыргызстан тараптан экономика министринин орун басары Данил Ибраев барып, аталган мамлекеттердин өкмөттөрүнө кайрылуу жасаган.
“Кыргызстандын басымдуу бөлүгүндө эпизоотикалык кырдаал жакшы болгондуктан, Орусия жана Казакстан тарабынан мал чарба продукцияларына салынган тыюуну алуу керек. Мындан тышкары айыл чарба продукцияларын өткөрүүдө “жашыл коридор” түзүү жана аларды Бажы биримдигинин аймагында тоскоолдуксуз ири дүкөндөргө жана рынокторго жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүүдө көмөк көрсөтүү зарыл”,- деди Д.Ибраев.
Отурумдун жыйынтыгында Орусиянын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Игорь Шувалов Кыргызстандан Орусияга жашылчаларды жана мөмө-жемиштерди өткөрүүгө болгон тыюуну алып салууну Орусиянын соода жана өнөр жай министрине буюрду. “Биз бардык тыюуларды алып салабыз. Эгер кандайдыр бир маселелер же тоскоолдуктар пайда болсо, мага кайрылыңыздар, биз жардам көрсөтөбүз”,- деп кайрылды кыргыз тарабына И.Шувалов.