Ош шаарындагы Уркуя Салиева атындагы көчөгө бул жылы 50 энергоэффективдүү (светодиод) лампа орнотулат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мэриянын муниципалдык жеке менчик жана шаар курулуш бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган лампалар кореялык өндүрүш болуп эсептелинип, алардын жардамы менен жарык берүү кызматынын мөөнөтү 1,5 эсеге жогорулайт.