Учак маселесин чечүү үчүн Арабияга кеткен топ Бишкекке кайтып келди

Ажылыкка баруучуларды ташый турган учак маселесин чечүү үчүн Сауд Арабияга кеткен топ кечээ, 18-августта Бишкекке келди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган делегация Бишкекке кечинде келип конду. Жол жүрүп чарчашкандыктан, азыр эс алып жатышат. Учак маселеси чечилгени тууралуу бизге да айтыла элек”,- деди басма сөз кызматкери.

Айта кетсек, кыргызстандыктарды ажылык сапарга "Fly Dubai" авиакомпаниясы алып баруусу керек эле, бирок Арабия "Flynas" авиакомпаниясын сунуштап жаткан. Бул маселени чечип келүү үчүн муфтий Максатбек ажы Токтомушев баштаган топ 11-августта Сауд Арабиясына учуп кетишкен болчу. Ажылык сапарга кыргызстандыктар 8-сентябрдан тартып жөнөп кетиши керек. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан