Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тургундары жаратылыштын бузулуп жатканын айтып, казылып жаткан карьердин жолун бууп турушат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына айыл тургундары кабарлашты.
“Кечээ, 18-августта 1 боз үй тигип, 50-60ка чукул киши чогулдук. Карьердин казылып жатканына каршыбыз. Себеби бул жерде экологияга бир топ зыян келип жатат. Ошол эле учурда айылдан 200-300 метр аралыкта жайгашкан карьерде малдар кулап өлүп жатат. Бул жерде бетон чыгарган бир ишкана жана таш талкалаган 2 ишкана бар, алар убактылуу иштебей турушат. Айыл тургундары маселе чечилгенге чейин жолду ачпайт. Карьерди казуу боюнча айылдык депутаттардын чечими чыккан. Бирок биз ал буйрукту көрө элекпиз”,- деп билдирди өзүн Болот деп тааныштырган айыл тургуну.