Ош шаардык мэриясында кечээ, 18-августта Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин жетекчилиги астында биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча башкы штабдын кеңейтилген отуруму өттү. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага бардык шаардык кызматтардын жана мекемелердин жетекчилери катышты.
Мэр Айтмамат Кадырбаев биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча иштерди күчөтүү керектигин белгилеп, аймактык кеңештердин төрагаларына жана тиешелүү адистерге биометрикалык маалыматтарды чогултуунун маанисин элге түшүндүрүүнү тапшырды.