Прокуратуранын өкүлдөрү карьердин жолун бууп турган Беш-Күнгөй айылынын тургундарын мыйзамсыз жорук жасабоого чакырды

Прокуратуранын өкүлдөрү карьердин жолун бууп турган Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй айылынын тургундары менен жолугушуп, мыйзамсыз жорук жасабоого чакырганын бүгүн, 19-августта айыл тургундары билдиришти.

“Кечээ прокуратуранын өкүлдөрү жана айылдык депутаттардан турган топ келип, биз менен жолугушту. Прокуратурадан келген кишилер талаптарыбызды жазуу түрүндө билдирүүбүз керектигин айтышты. Жазып бердик. Алар бул маселе чечилгенге чейин жол тоскондон башка мыйзамсыз иш кылбоого чакырышты” дешет алар. 

Кошумчалай кетсек, учурда карьерден мындан ары шагылдын казылып алынуусун токтотуу керектигин талап кылган айыл тургундары азыр дагы бир боз үй тигүү жана кой союу аракетин көрүп жатканы белгилүү болду. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2014-08-19 14:36:25
Bazake,
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан