Ысык-Көлдө өтүп жаткан форумда инвесторлорго 30 миллион долларга лыжа тебүүчү жайды куруу сунушталды

 18-19-август күндөрү Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан инвестициялык форумда Каракол шаарынын жанында “Асман өрөөнү” лыжа тебүүчү жайын куруу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган долбоордун авторлору лыжа тебүүчү жайды “Каракол” улуттук сейил багынын аймагында курууга ниеттенишүүдө. “Лыжа тебүүчү трассалардын жалпы узундугу 32 чакырымга барабар. Жалпысынан 8 трасса бар. Бул жерде 4 миң метрлүү бийиктиктен Ысык-Көлдү жана жергиликтүү аймактарды көрүүгө болот”,- дешти авторлор. Алар өз долбоорун 30 миллион долларга баалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан