Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков орто мектептердин окуу жылына даярдыктары менен таанышып чыгарын айтты

Бүгүн, 19-августта өкмөтүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараттык жыйынында жаңы окуу жылына карата билим берүү мекемелеринин даярдыгы жана кышка даярдык маселелери каралды. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.

Анда өкүлчүлүктүн социалдык өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнүн башчысы Айбек Исаев маалымат берип, Ош облусунда 521 орто мектеп болсо, алардын баары оңдоп-түзөөдөн өтүп, жаңы окуу жылына даяр экендигин айтты. Ал эми өкүл Сооронбай Жээнбеков орто мектептердин окуу жылына даярдыктары менен жеке өзү таанышып чыга тургандыгын айтып, кышка даярдыкты катуу көзөмөлгө алуу керек экендигин эскертти.

"Эскилиги жеткен электр линияларын, трансформаторлорду, зым карагайларды алмаштырып, жер-жерлерде элге жылытуу системин көмүргө өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери улантылсын",- деди Жээнбеков.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан