“Ысык-Көлдө өтүп жаткан инвестициялык форум облустун экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошо алат” дейт Эмилбек Каптагаев

Бүгүн, 19-августта аталган форумдун жүрүшүндө облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев: “Ысык-Көлдө өтүп жаткан инвестициялык форум облустун экономикасын өнүктүрүүгө чоң салым кошо алат”,- деп билдирди.

Анын айтымында, облустун Ак-Суу районунда жыл сайын 36 миң тонна сүт, 7,5 миң тонна эт, 3,4 миллион жумуртка, 350 тонна жүн чыгарса болот. “Ушул айыл чарба продукцияларынын 7,7 пайызы гана иштетилип жатат. Ал эми калганы же сатылып кетет, же жок болуп кетет. 

Мындан тышкары жашылчалардын басымдуу бөлүгү республиканын аймагында гана сатылууда. Картошканын 26,2 пайызы, мөмө-жемиштердин жана жашылчалардын 18,8 пайызы гана чет өлкөлөргө экспорттолууда. Бул облустагы айыл чарба продукцияларынын соодага начар чыгышынын далили катары эсептелинет.

Ошондуктан бүгүнкү күнү облуста өтүп жаткан “Ысык-Көл-2014” форуму айыл чарба продукцияларын кайра иштетип чыгуу тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошо алат, анткени ар бир райондун жана шаардын экономикасын өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүктөр көп”,- деди Каптагаев.

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан