Ош шаарындагы бардык билим берүү мекемелери жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда маалым болгондой, 2014-2015-жаңы окуу жылына жана күз-кыш айларына карата даярдыктары кабыл алынып, текшерүү жүргүзүлдү. Мектептердеги курулуш, актоо, сырдоо иштери толугу менен аяктады.
Ал эми күз-кыш айларына даярдоо жана жылуулук менен камсыз кылуу максатында өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча «Жол чырак» жеке ишканасы тарабынан 280 тонна көмүр менен камсыз кылуу жагы каралып, учурда Ленин атындагы №10 мектебине 15 тонна, №44 мектебине 25 тонна, №49 мектебине 30 тонна, №71 «Үмүт» бала бакчасына 25 тонна, №72 «Жеткинчек» бала бакчасына 15 тонна, жалпы 110 тонна көмүр жеткирилип берилди. Ал эми 170 тонна көмүр график боюнча №11 Терешкова мектеп-интернатына белгиленген мөөнөттө камсыз кылынуусу күтүлүүдө.