Токтогул көчөсүнүн Эркиндик жана Раззаков көчөлөрү менен чектелген бөлүгү 21-августта ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, аталган бөлүктүн узундугу 250 метрге барабар. “Учурда Раззаков жана Исанов көчөлөрү менен чектелген бөлүктө оңдоо иштери жүрүп жатат. Жакынкы арада асфальттын биринчи катмары салынышы күтүлөт.
Айта кетсек, капиталдык оңдоо иштери шаардык бюджеттин эсебинен жүрүүдө” деп айтылат маалыматта.