Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги жыйынында шаардагы муниципалдык менчикке өткөрүлүүчү объекттердин тизмесин бекитүү тууралуу 3-маселени кийинки сессияда кароо чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында шаардагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу муниципалдык менчикке бериле турган 53 объект боюнча толук маалыматтардын жоктугу белгиленди.
Шаардык кеңештин депутаты Эльмира Сатарова: “Бул жерде бир топ саламаттыкты сактоо тармагындагы объектилер тизмеде көрсөтүлүп турат. Ал объектилер негизинен министрликтен каржыланарын эске алышыбыз керек, муниципалитетке өткөн объектилерге каржы жетишпей, дайыма ижара төлөмдөрү жогорулап келет. Ошондуктан ойлонуп, таразага сала турган маселе бар, шашпай изилдеп чечим кабыл алынышы керек”,- деди.