Бүгүн, 19-августта калаа мэри Кубанычбек Кулматов “Samsung Smart School” долбоорунун алкагында өз ара кызматташтык жөнүндөгү меморандумга кол коюу үчүн “Samsung Electronics” компаниясынын башкы директору Чой Сын Сиг менен жолугушту. Маалыматты мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган долбоордун максаты Кыргызстандын орто мектептеринде заманбап мультимедиялык техникалар менен жабдылган инновациялык жана интерактивдик класстарды түзүүгө багытталган. Мэр Кулматов: “Балдарды окутуунун жаңы системине даярдоо - биздин максатыбыз. Биз мезгил талабынан калбастан, аны менен бирге алгалашыбыз керек”,- деди.
“Samsung Smart School” долбоорунун сынактык классын шаардагы №93-орто мектебинде түзүү белгиленген. Мектепке электрондук мультимедиялык такта, ноутбук жана интернетке кошулуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон клавиатуралуу 21 планшет акысыз берилет. Бул жабдуулар мугалим менен окуучулардын ортосундагы байланышты жана маалыматтар менен алмашууну ылдамдатат. Долбоордун сынактык класстары окуу процессинде ийгиликтерге ээ болсо, класстарды жабдуу иш-чаралары Бишкек шаарынын мектептеринде гана эмес, жалпы республиканын мектептеринде улантылмакчы.