18-19-август күндөрүнө белгиленген “Ысык-Көл-2014” экономикалык-инвестициялык форуму аяктады. Бул тууралуу облустагы КРнын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эки күндүк иш-чарада бир топ инвестициялык долбоорлор сунушталды. Анын жүрүшүндө катышуучулар эл аралык жана аймактык өнүгүүнүн негизги багыттары менен таанышып чыгышты. Мындан тышкары алар кыргыз тарап менен кызматташып, соода-экономикалык жактан жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдиришти.
Айта кетсек, кийинки “Ысык-Көл” форуму 2015-жылдын июль айында өтө турган болду.