Орусиянын Бишкектеги паспорттук-визалык филиалына бир аптада 500дөн ашуун адам каттоого турду

Орусиянын Кыргызстандагы паспорттук-визалык филиалы Орусияга иштөөгө бара тургандарды каттоо үчүн өз ишин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 19-августта SUPER.KG порталына филиалдын жетекчиси Бакыт Эркинбаев билдирди. Айтымында, филиал каттоо ишин баштаган күндөн бери Орусияга иштөөгө барам деген 500дөн ашуун жаран патент алууга камданып жатат.

Анын айтымында, Москва облусунун аймагында патент алуу үчүн 200 доллардан ашык сумма төлөнөт. Сентябрь айына чукул баары жөнгө салынып, бул сумма бир топ кыскарат. “11-августтан бери 500дөн ашуун адам келип, патент алуу үчүн каттоого туруп жатышат. Бирок көпчүлүгү патентке айына 8800 рублдан төлөп калабызбы деп чочулап жатышат. 8800 рубль бир жылга төлөнөт. Мигранттар Орусияда ар бир ай сайын төлөп турушчу, аны кошуп келгенде баасы 20 миң рублга чейин чыгып кетет. Ортомчулар аркылуу алышса, 30 миң рублдун тегерегинде болуп калат болчу”,- деди Эркинбаев.

Эскерте кетсек, мындай кызмат ушул жылдын күз айларында Ош облусунда да ачылат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
belka
2014-08-19 18:53:57
Патенттен тышкары дагы кандай кызматтар көрсөтүлөт экен?
0
muke.1971
2014-08-19 21:11:03
1216
0
damir11
2014-08-20 02:14:50
Акыркы жылдары жакшы болду документ иштери м.н иштеген офистер кобойуп,ортомчусуз,ишенимду.
0
admin_portal
2014-08-20 11:43:07
Маалымат тиешелүү булактан такталып берилди.
Эгер суроо, сунуш же сын-пикир болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтсөңүздөр.
0
Lamazhlug
2014-08-20 14:01:58
Бакыт Эркинбаев калп асуйлобонуз!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан