19-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы болуп, анда ичүүчү суунун баасын жогорулатуу маселесин карашты. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Жалал-Абад шаардык кеңешинен маалымдашты.
Маалыматка ылайык, буга чейин ичүүчү сууга тургундар 6 сом төлөп келишкен болсо, мындан ары алар 7 сомдон төлөп башташат. Муну сессияда Шаардык суу-канал башкармалыгынын жетекчилиги сунуш киргизип, депутаттар талкуулап, колдоп беришти. Ал эми бюджеттик мекемелерде мурда 10 сом болуп келсе, мындан ары алар 12,81 сомдон төлөп башташат. Ошону менен катар коммерциялык ишканалар үчүн да ичүүчү суунун баасы жогорулап, алар үчүн 18,67 сомго көтөрүлдү. Буга чейин алар 15,08 сомдон төлөп келишкен болчу.