Бүгүн, 20-августта Ош шаарынын мэри
Айтмамат Кадырбаев эмгек ардагерлери менен жолугушту. Анда учурда аткарылып жаткан жана жасала турган иштер боюнча кеңеш алуу максатында сүйлөшүү жүрдү.
Ошондой эле декабрь айында Түркиядан 100 автобус келери күтүлүп жатканын шаар мэри ардагерлерге айтып өттү. Ал кошумчалагандай, кошумча 100 автобус келсе, шаардагы жүргүнчүлөрдү тейлөө бир кыйла жакшырат. Ошону менен катар шаардагы курулуп жаткан эстакадалык көпүрө боюнча да сөз козгоп, учурда биринчи этабы аяктап калганын белгиледи.