Ош. Ажыга баруучуларга атайын ажылык сапар боюнча окуу-сабактары өткөрүлүүдө

Ош шаарында Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы тарабынан ажылык сапар боюнча окуу-сабактарды өткөрүүдө. Ажыга барган адам эмнелерди билүүсү керек, кандай парздарды аткарышы керектиги тууралуу сабактардын башталганына төрт күн болду. Бул тууралуу бүгүн, 20-августта Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.
Анын айтымында, "Сулайман-Тоо" мечитинин жыйындар залында ар жекшемби күнү сабактар аялдар жана эркектер үчүн бөлүнүп өткөрүлүүдө. Ажыга аттангандар аймактык имамдардан да кеп-кеңеш алып, зыярат кылуунун жол-жоболорун үйрөнүшүүдө.
Кошумчалай кетсек, бул жылы Ош шаарынан 194, Ош облусунан 738 адам ажылык сапарга аттанат. Алар буга чейин милдеттүү делген менингитке каршы эмдөөдөн өтүшкөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
MARGO55
2014-08-20 16:07:07
Ооой жараткан менин АТА-ЭНЕМ да ажылык сапарга аттанышууда ылайым кабыл болсун,жаратканым жар болсун ай барып Аман кайтышсын.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан