Барак эксклавында жашагандарды көчүрүү үчүн 3 миллион доллар бөлүндү

Барак эксклавында жашагандарды көчүрүү үчүн 3 миллион доллар бөлүү боюнча жарлыкка КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев кол койду. Бул тууралуу 21-августта өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Акча каражаты Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Ак-Таш айыл аймагында Сары-Колот конушунун долбоорун түзүү жана курулуш инфраструктурасына сарпталат. Ал конушка Барак эксклавынын айрым тургундары көчүп келишери белгилүү болду.

Каражаттын 2 396 150 доллары аймакты өздөштүрүүгө багытталса, 603 850 доллар каражат көчүп келген тургундарга кайтарымсыз түрдө берилет. Ар бир үй-бүлөгө 200 миң сомдон ссуда бөлүнөт. Каражаттын максаттуу пайдаланышын көзөмөлгө алуу боюнча жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү тапшырмалар берилди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
oken02
2014-08-21 10:35:15
алар го макул кочуп келишет, а жерибиз эмне болоорун окмот эмне деп чечишти айтып койгулачы
0
edu.kg
2014-08-21 10:54:24
жерибиз ошондо кала береби озбектерге таштап келе беришеби
0
boss.umutbek
2014-08-21 11:45:58
Жерди озбекларга таштабай алмаштырыш керек болчу
0
kursantbek
2014-08-21 12:21:56
ал жакта калганго 30 уй було ошолор карайтда
0
Mirba-Nookat.83
2014-08-21 16:28:50
Эл кочуп келди жер калдыбы ошондо ХХХ эх чондор онолбойт экенсинерда.
0
admin_portal
2014-08-21 16:48:12
Mirba-Nookat.83 - эскертүү сызыгынын толгонуна байланыштуу түбөлүк БАН!
Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан