Борбор калаанын Москва жана Абдрахманов көчөлөрүнүн чыгыш тарабында жашылдандыруу иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 21-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Көчөлөргө гүл өстүрүүчү үч клумба коюлуп, көз жоосун алган петуньялар, бархат гүлдөрү, тернариялар жана тегатистер отургузулду. Клумбалардагы гүл композициясынын борборуна отургузулган агава гүлү айрыкча көрк берип турат. Бул гүлдөр ысыкка жана кургакчылыкка чыдамдуу келет.
Гүл клумбалары мурдагы жеңилдетилген түрдөгү соода объекттеринин ордуна коюлду. Соода объекттерин ордунан алгандан кийин калган пайдубалдар гүл клумбаларын коюу үчүн ылайыкташтырылды.
Свердлов райондук администрация башчысы Алтынай Өмүрбекова: “Шаардын ар бир тилкесин жашылдандырып, көрктөндүрүү - биздин милдет. Көрктүү жана жашыл шаарыбыз шаар тургундарына жана конокторуна кубаныч тартуулайт деген ишенимдемин. Бул багыттагы иштерди чарба субъекттери менен биргеликте улантабыз”,- деди.
Райондук администрация районду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иш-чаралардын планын кабыл алган. Азыркы учурда көп жылдык гүлдөрдү отургузуу үчүн дагы төрт клумба даярдалууда.