Кечээ, 20-августта эмгек ардагерлери менен өткөн жолугушууда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев: «Ош шаарындагы эстакадалык көпүрөнү куруу зарылчылыгы жок эле»,- деди.
Анын айтымында, эски көпүрөнү капиталдык оңдоодон өткөрсө, ал дагы бир нече жыл элге кызмат кылмак.
“Эстакадалык көпүрөнүн курулушу элдин жашоосун кыйындатты жана жолдун жабылышы автоунаа тыгынын пайда кылды. Ошентсе да башталган иш бүтөт. Азыр көпүрөнүн курулушунун биринчи этабы аяктоо алдында турат. Ага 16 миллион сом сарпталды. Мурда аны бүткөрүүнүн жалпы суммасы 595 миллион сомго бааланса, биз аны кыскартып, 450 миллион сом деп карадык”,- деди Кадырбаев.
Мындан сырткары калаа башчы эстакадалык көпүрөнүн курулушу мыйзамсыз башталганын жолугушууда белгиледи.