“Экстремизмдин бир гана диний эмес, саясий жана социалдык себептери да бар” дейт Ратбек Турусбеков

Бүгүн, 21-августта журналисттер үчүн уюштурулуп жаткан тренингдин жүрүшүндө ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкери Ратбек Турусбеков: “5-10 жыл мурун экстремист катары шектелип кармалгандардын жогорку билимдери жок болсо, учурда мамлекеттик түзүмдөрдүн кызматкерлери кармалууда”,- деди.

Анын айтымында, мамлекеттик кызматкерлерден тышкары ЖОЖдордун мыкты студенттеринин ичинде да экстремизмге шектелип кармалгандар да бар. “Бүгүнкү күнү ислам динине жамынып кылмыштарды жасап жаткан учурларды байкап жатабыз. Айрым кармалгандар халифатты курууга толугу менен ишенишет экен. Алар менен түшүндүрүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү оор болууда. 

Диний экстремизмдин деңгээлинин өсүшү бир гана диний кырдаалга байланыштуу эмес. Эгер терең изилдеп чыксак, экстремизмдин себептерин саясий жана социалдык тармактардан тапсак болот”,- деп түшүндүрдү Турусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан