Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында Бишкек шаарында майрамдык иш-чараларды өткөрүү пландалууда. Салтанаттуу иш-чаралар шаардын борбордук “Ала-Тоо” аянтында, райондордо жана жаңы конуштарда да өтөт. Бул тууралуу 21-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ленин райондук администрациясы “Манас айылы” этнографиялык комплексинде эстрада жылдыздарынын катышуусундагы майрамдык концерт, жергиликтүү товарлардын жарманкесин, Ак-Өргөө жаңы конушундагы кичи футбол боюнча мелдештер, Арча-Бешик жаңы конушунун Даван жана Ак-Марал көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан жерде кичи футбол талаасынын салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүүнү пландоодо.
Ал эми Октябрь районундагы “Ататүрк” сейил багында майрамдык программадагы чоң концерт, спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактарында кичи футбол, баскетбол жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештер, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Рухий-Мурас жаңы конуштарында майрамдык концерттер орун алат.
Ошондой эле Биринчи Май жана Свердлов райондорунда да майрамдык концерт, спорттук мелдештер, улуттук тамак-аштардын жарманкеси өтөт.
Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети КРнын Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында шаардын эски аянтында спорттук иш-чараларды өткөрөт.
Спорттук иш-чаралардын программасына көркөм жана спорттук гимнастика, будо-каратэ, таэквондо, дзюдо, самбо, оор атлетика, гирялык спорт, улуттук күрөш, грек-рим жана эркин күрөш боюнча спортчулардын чеберчиликтерин көрсөтүү киргизилген. Ошону менен бирге армрестлинг, стол үстүндөгү теннис, стритбол, шахмат, тогуз коргоол, ордо, балдар арасындагы жеңил атлетика, кыймылдуу оюндар жана аркан тартыш боюнча мелдештер уюштурулат.