Бүгүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы менен биргеликте жаштарды аскерге чейинки даярдоочу жетекчилердин квалификациясын жогорулатуу үчүн өткөрүлүп жаткан жыйындын жыйынтыктоочу бөлүгүн өткөрдү.
Анда алгач жетекчилер чакан көнүгүүлөрдү жасашты. Андан соң окуу бөлмөсүнө чогулган шаардагы мектептердин аскерге чейинки даярдоочу жетекчилерине КРнын Коргоо министрлигинин медициналык тейлөө башкармалыгынын башкы адиси Нурдин Асыпбаев 20 мүнөттүк сабак өттү. Анда жабыр тарткан кишиге биринчи жардамдын көрсөтүлүүсү, адам эсин жоготкон учурда кандай аракет көрүлүүсү керектиги жана аскерге чейинки даярдоочу жетекчилердин ишиндеги түйшүктөр тууралуу сөз болду. Бул учурда залда отургандар тема боюнча суроолорду берип, тиешелүү жоопторун алып жатышты. Ошол эле учурда бир топ талкуулар болду. “Бул жагдайларды башка бирөөлөргө үйрөткөндөн мурун, өзүбүз так билишибиз керек. Сиздердин алып барган иштериңиздер оңой эмес” деди Н.Асыпбаев.
Андан соң аскерге чейинки даярдоочу жетекчилер ок атуу боюнча атайын сабак алышты.
Кошумчалай кетсек, иш-чаранын башкы максаты жаштарга аскердик-кесиптик багыт берүү, мекенчилдикке чакыруу жана сабак өтүү ыкмаларын жакшыртууга багытталган.