Маликов Чүйдөгү айылдардын биринде бир "смотрящий" ислам аркылуу аракечтикти жойгондугу жөнүндө айтып берди

Дин боюнча адис Кадыр Маликов бүгүн, 21-августта журналисттер үчүн уюштурулуп жаткан тренингдин жүрүшүндө Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы айылдардын биринде уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү ислам аркылуу аймакка катуу тартип киргизгенин айтып берди.

"Башында бул айылда абал абдан начар болгон. Жаштар арак ичип, мушташып жүрүшчү. Үй-бүлөлөр туруктуу эмес эле.

Бир күнү бул айылдын "смотрящий" тургуну абакка камалып, бир мусулман менен таанышып калат экен. Аны менен жакшы мамиле түзүп, ислам динине берилет. Ал эркиндикке чыгып, өз айылына барып катуу тартип орното баштайт. Бир нече убакыт өткөндөн кийин ичип жүргөн жаштар ичпей калышат, үй-бүлөлөр жакшы жашай башташат",- деди Маликов.

Анын айтымында, Дин башкармалыгынын алсыздыгы, социалдык теңсиздик, соттун адилетсиздиги диндин күчөп кетишине жакшы шарттарды түзүп берет. “Бир жагынан динге берилүү терс нерселерге алып келет. Ошол эле учурда мунун жакшы жактары да бар”,- деп кошумчалады адис.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
realliver
2014-08-21 17:01:46
хе-хе, ал смотрящийи чын эле 4-5 айылды каттуу тарбиялады. Мечиттерди салды. Ичкендерди сабады, чалдарга чейин
+2
jigit.paren
2014-08-21 17:23:13
ооба ошенти торт беш айылды катуу кармап жатат, былтыр уккам ошол смотрящий Ноорус айлынан эки жигитти кармап экооно арак ичкенди билсенер мынабу эки чака сууну ар бири он литрден, элестет ошол эки чака сууну экоо уйдай эле ичишиптир. Бирок ошол Чикен ошол мечиттерди адал акчасына салды дейсинерби жок арам акчасына салды. Мисалы ошол эле Алмалуудагы кирпич заводтон былтыр жузмин деген кирпичти жон гана кучко салып алып койгон. Анан ал салбаганда ким салат. Жон эле тынч жургондо быйыл кирпич заво
+2
jigit.paren
2014-08-21 17:26:55
завод иштеп турмак, азыркы бийлик Роза эжекебиздей иштей алышпай жатат, Роза эжебиз иштеп турганда бул черныйлар чилче чачырап жок болду эле, кайран эжекебиз кыйын экен эр журок.
0
admin_portal
2014-08-21 17:42:41
jigit.paren, Саламатсызбы!
Сиз жазган эки билдирүү тең турат. Эгер суроо же нааразычылыгыңыз болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтсөңүз.
0
Мэри
2014-08-21 18:43:27
"Мыйзамдагы ууру", "кримтөбөл", "смотрящий" деген түшүнүктөрдү турмушубузда кеңири колдонуп, басма сөздө байма-бай берип жатканыбыз, алар биздин лексиконубузда бекем орун алып алганы абдан кейиштүү.Буларга маани берип,кадимкидей эсептешип, жаңылыктарда баса белгилеп,аларды кайра жарнамалап жаткандай туюлат.
+3
Мэри
2014-08-21 18:45:10
Менимче, буларга бир гана "кылмышкер" деген сөз жетиштүү болчу, биз кайра ал түшүнүктөрдү элге сиңирип, жайылтып жатабызбы дейм...
+1
Dinislam0777
2014-08-21 19:43:56
Эн жакшы ийгилик динге келгени жана башкаларга да динге келишине себепкер болгону ушунун баары даават менен болуп жатат Аллах насип кылсын.
+2
Ganibal87
2014-08-21 19:50:53
Алла талла хидайат берсе капыр деле мусульман болуп мечит салып койот Алланын гана буйругу менен бар жок
+1
urmat_88-kg
2014-08-21 21:21:31
Илгери соттолгон адамды эл жек короор эле. Ал Адам Элден болунуп чунчуп кетчу. А азыр "мен отуруп келгем" деп коркутат. Ооба Крим дуйнонун ушунчалык кучак жайып кеткени ушундан билсек болот. Крим дуйно жанылыгы болгон басма созго чыгып ал Тургай алардан маек алып жатпайбы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан