Ысык-Атада жүгөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү тажрыйбасы көрсөтүлдү

Чүй облусунун Ысык-Ата районунда Испания жана Түркиядан алынып келинген жүгөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү тажрыйбасы көрсөтүлдү. Бул тууралуу 21-августта Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чара "Талаа күнү-2014" долбоорунун алкагында өттү. Тажрыйба бөлүшүүнү өлкөнүн бардык облустарында өткөрүү пландалып жатканы белгилүү болду. Дыйкандарга жүгөрүнү сээп, кайра жыйнап алганга чейинки жаңы ыкмалар көрсөтүлүп берилди. Ага айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан