“Жаштарды экстремист болууга романтика жана эрдик түртөт” дейт дин боюнча адис

Дин боюнча адис Нургүл Эсенаманова бүгүн, 21-августта журналисттер үчүн уюштурулуп жаткан тренингдин жүрүшүндө “жаштарды экстремизмге умтулууга романтика жана эрдик түртөт” деди.

Анын айтымында, “бардык экстремисттер, радикалдар жана террористтер психикалык жактан оорукчандар” деген сөз чындыкка туура келбейт. “Эгер мындай болсо, оорукчандар уюмдун ичиндеги мүчөлөр менен көп убакытта бирге иштеше жана тартипти сактай албайт болчу”,- деп түшүндүрдү адис.

Мындан тышкары ал жакырчылык көп учурда экстремизмдин негизги себеби катары саналбасын баса белгиледи. “Террорчулардын 25 пайызы коомдогу орто же жогору кирешелүү адамдардан чыгат. Ал эми зеригип жаткан жаш жигиттердин көпчүлүгү жаңы пландарды түзүүнү жана өзгөчө иштерди жүргүзүүнү жактырып, экстремизмге умтулушат”,- деди Эсенаманова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан