Ош шаарында таштандыларды топтоочу заманбап санитардык полигондун курулушу пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, калаадагы таштандыларды тазалоо ишин жакшыртуу максатында Европа өнүгүү жана реконструкциялоо банкынын колдоосу менен атайын долбоор иштелип жатат.
Маалым болгондой, аталган банк бул максатта 10 миллион еврого жакын акча бөлүп берди. Алардын ичинен 4,8 миллион евро грант катары, ал эми 4,8 миллион евро каражат 15 жылдык мөөнөткө насыя катары берилди.
Ошондой эле бул долбоордун негизинде 28 даана жүк көтөрүүчү атайын техника жана 1115 даана контейнер сатып алуу пландалууда.