Алайда Алымбек датканын айкелин ачуу аземи өттү

Алай районунун Гүлчө айылында 21-августта Алымбек датканын айкелин ачуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-августта райадминистрациядан Аскар Машеров билдирди.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, тарыхый инсан Алымбек датканын айкелинин ачылыш аземине КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, Алымбек датканын урпагы Чыныбек Абдыкапаров катышышты. 

Анда Алымбек датканын басып өткөн жолуна, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымдарына кеңири токтолуп өтүштү. Андан соң майрамдык иш-чара "Курманжан датка" тарыхый этнографиялык музейинде уланды.

Алымбек датканын айкелин ачуу аземине бир катар бийлик өкүлдөрү менен кошо Ош шаарынын мурунку мэри Мелис Мырзакматов да барды. Мелис Мырзакматовду бийлик өкүлдөрү менен бирге көрүү айрымдар үчүн күтүүсүз болсо, "экс-мэр мындан саясат жасоодо" дегендер да чыгууда. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган дагы бир көрүнүш иш-чарада Мырзакматов менен Ош шаарынын азыркы мэри Айтмамат Кадырбаевдин кучакташа учурашканы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Lintel
2014-08-22 10:09:12
Алай акимине алай эли ыразы, Гульчо айылын коркуно келтирди коп жумуштарды аткарып жатат. Мырзакматовдун тарбиясын алгандай. Азаматсыз деп айткандан башка айла жок. Бийлик бул коралбастыктан сактасын. Иштесе болот экенго
+3
Akmoor44
2014-08-22 10:46:24
Kyrgyz elim- degen er azamattarybyz koboisun!!! Sizdei , kyrgyz elim ,- degen azamatty bir Alai eli emes , butun kyrgyz eliniz syilait...
0
boztalaa
2014-08-22 13:23:49
Алайдын элинен коркуп экис мэрди эрчитип алышса керекда.
+1
Ganibal87
2014-08-22 19:01:22
Жакшы жанылык екен суротто естеликтин жвнында кодокодо отурган атка минеррлер да ордудан туруп елге окшоп турса болмок елдер карап кундо турушат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан