Ички иштер башкармалыгы: “Адамдарды экстремисттик уюмдардан чыгаруу механизми изилденбей калууда”

21-22-августта Бишкекте журналисттер үчүн өтүп жаткан тренингдин жүрүшүндө ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын подполковниги Ратбек Турусбеков “адамдарды “Хизбут-Тахрир” экстремисттик уюмунан чыгаруу механизми изилденбей калууда” деп билдирди.

Анын айтымында, 2013-жылдын ичинде аталган уюмдун бир нече мүчөсү андан чыкканы тууралуу жарыялап, бирок экстремисттик ишмердүүлүгүн уланта беришкен. “Мындай көрүнүш алардын үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чоң коркунуч келтирет”,- деп түшүндүрдү ал.

Мындан тышкары ал учурда уюшкан экстремисттик жана террорчулук уюмдар заманбап технологияларды, жаңы жардыруучу буюмдарды, куралдарды колдонуп жатышкандыгын баса белгиледи. “Учурдагы КРнын атайын кызматтарынын жана милициянын материалдык-техникалык жабдууларын пайдаланып экстремизм менен эффективдүү күрөшүүгө болбойт”,- деди Турусбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан