Борбор шаардагы мыйзамсыз курулуштар куруучулардын өз ыктыяры менен бузулду. Бул тууралуу 22-августта мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай куруу департаментинин билдирүүсү боюнча, шаар тургуну Достоевский көчөсүн бойлото турак үйдүн дубалын эч кандай уруксатсыз тургузган. Үйдүн курулушу электр өткөрүүчү чубалгылардын алдында жайгашкан.
Ошондой эле Жеке турак жай куруу департаментинин кызматкерлери тарабынан Рухий-Мурас жаңы конушунда муниципалдык жердин эсебинен мыйзамсыз кеңейтүү менен короонун пайдубалы куюлуп жаткандыгын аныкташкан. Үй куруучуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин мыйзамсыз курулуштар куруучулардын өз ыктыяры менен бузулуп, жер тилкелери баштапкы абалына келтирилди.