21-22-августта Бишкекте журналисттер үчүн өтүп жаткан тренингдин жүрүшүндө дин боюнча адис Нургүл Эсенаманова “интернет айдыңында экстремизмге багытталган 7,5 миң сайт бар, алардын 150дөн ашыгы орус тилдүүлөр” деп билдирди.
Анын айтымында, жаштар үчүн Сауд Арабиянын интернет-имамдарынын аброю жергиликтүү имамдардыкына караганда көбүрөөк. “Шаардык жана орус тилинде сүйлөгөн жаштар үчүн салафизм өтө популярдуу болуп жаткандыгы байкалууда”,- деди адис.
“Интернеттин социалдык тармактарынын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, экстремисттер өз кыймылындагы баалуулуктарын пропагандалап жатышат. Негизинен алар бийликти күч менен алуу, саясий системди кескин өзгөртүү боюнча чакырыктарды жарыялашат. Мындан тышкары интернет-экстремисттер фактыларды өздөрүнө ылайыкташтырып, чындыкка туура келбеген маалыматтарды жазып келишет. Куранда жазылган сөздөрдү да өзгөртүп жарыялаган учурлар бар”,- деп түшүндүрдү адис.