Республикалык бюджеттин таңсыктыгы 2015-жылда 14 миллиард 83 миллион 300 миң сомду түзөт. Мындай маалымат КРнын Каржы министрлигинин расмий баракчасында жарык көрдү.
Маалым болгондой, КРнын бюджетинин таңсыктыгын жоюуга каржылоо булактарынан 14 миллиард 83 миллион 300 миң сом каралган. Мындан тышкары республикалык тышкы карызды төлөөгө 4 миллиард 67 миллион 600 миң сом бөлүнөрү болжолдонууда.