Бүгүн, 22-августта журналисттер үчүн өтүп жаткан тренингдин жүрүшүндө КРнын Президентинин Дин маселелери боюнча коомдук эксперттик кеңешинин мүчөсү Юсур Лома “Кыргызстанда диний конфессиялар арасында пикир келишпестиктер бар, бирок эч кандай араздашуулар жок” деп билдирди.
Анын айтымында, конфессиялар аралык комиссиянын негизги милдети - бардык диний кыймылдарга тиешелүү жалпы баалуулуктарды жана багыттарды табуу. “Башында конфессиялардын ортосунда диндин негизинде чоң араздашуулар болот деген коркунучтар болгон. Бирок учурда андай жок. Конфессиялардын лидерлеринин ортосундагы мамилелер туруктуу. Эгер коомчулук кандайдыр бир дин жакшы, башкасы жаман деген пикирде болсо, араздашуулар боло берет”,- деди Юсур Лома.