Окуунун башталышында Райондук жарандык коргонуунун байланыш жана кабарлоо кызматы Райондук жарандык коргонуунун башкаруу курамын башкаруу пунктуна чогулууну кабарлоо схемасына ылайык кабарлап, чогулушка өздүк курам толугу менен катышты.
Окуунун максаты - табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдын алдын алуу, анын кесепеттерин жоюу боюнча башкаруу органынын чыныгы иш-аракет планын жана коркунуч болгондо жарандык коргонуунун иш-аракеттерин башкарууну уюштурууга даярдыгын текшерүү.
Окууга Кочкор райондук башкаруу курамы, КРнын ӨКМнын Нарын облусу боюнча башкармалыгы жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү, ЖКнун Кочкор райондук кызматтары, райондук лабораториялык көзөмөлдөө жана байкоо мекемелери катышышты.
Машыгуунун жүрүшүндө борбордук аянтка Райондук жарандык коргонуунун түзүмдөрүнүн күч жана каражаттары тартылып, Райондук жарандык коргонуунун башчысы-аким таанышып, өзгөчө кырдаал болгон учурда райондун даяр экендигин билдирди. Иш-чара Нарын облусунун жарандык коргонуунун 2014-жылга болгон даярдык планына ылайык өткөрүлдү.